Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "КАРТАЙДЫМ ДЕП ҮҢҮРӨЙБӨЙ ӨЗҮМДҮ ТАРБИЯЛАП КЕЛЕМ"

"Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" демекчи, актриса Жамал Сейдакматова дагы деле күүлүү-күчтүү. Маданият тармагынын ардагери аталган актрисанын бала кези көлдүн жээгинде өткөн. Көлдүн кооз жаратылышынын таасириби, айтор, актриса көптөгөн сыйлыктарга татып, 80 жашка келип калса да ийгиликтүү иштеп келет.

– Жамал эже, саламатсызбы? Жаш актрисалардан калышпай быйылкы жылдын эсебинен 3 киного тартылган экенсиз.
– Ооба, жаш режиссёр Асамиддин Мухиддиновдун "Ажар" деген киносуна тартылдым. Сценарийин окусам мен жаман көргөн азыркы замандын ыплас көрүнүштөрү жок, аруулук, тазалык бар экен. Жаш режиссёрлорго колдоо, жардам берүү максатында тартылып, өзүмдүн курагымдагы айылдык кемпирдин образын ачып бердим. Андан сырткары казак элинин 1931-жылы болгон ачкачылыкты чагылдырган тарыхый тасмасына тартылдым. Режиссёр бул киного 11 жыл даярданган экен. Мен тасмада катаал аялдын образын жаратканым менен, жүрөгүм көптөн бери эңсеп келген драмалык, трагедиялуу роль болду. Ошондой эле "Сулайман тоо" тасмасында да роль жараттым.

– Жакшы экен, азыр театрга эл көп келбегендиктенби, актрисалардын баары эле киного тартылып башташты окшойт?
– Элдин баары эмес, театрды эңсегендер, эл тагдырын, маданиятты ойлогондор да бар. Алар үчүн айына 2 жолу спектакль коёбуз. Азыр драматург Султан Раевдин "Илек-илек" деген пьесасын коюуга кириштик.

– "Туңгуч" театры деп ырчы Асылбек Өзүбеков тамашалуу концерттерди койчу эле, кийинки кезде көрүнбөй кетти го.
– Асылбек менде тарбияланып, 14 жыл бизде иштеди. Театр жаштыкты талап кылат, ал жетектеген жамааты менен уядан учуп кетип, өз алдынча оокатын кылып жүрүшөт. Менин окуучуларымдын тасмаларга тартылып, театрларда иштегенине сыймыктанам.

– Жеке театр ачып кеткендердин алгачкылары сиз болсоңуз керек эле?
– Кыргыз драма театрында иштеп жүргөн кезимде эмнегедир театрдан кетем деп чыктым. Мени "аферист" , "артынан артисттерди ээрчитип кетти" деп жаман көрүштү. Союз таркап, эгемендүүлүк башталган кез эле. Ал учурда жеке театр деген түшүнүк жок болчу, "талаада каласың" дешкендерине болбой "Туңгуч" театрын түзүп бөлүнүп кеттим. Ошол жылы эле "Туңгуч" менен Каирге бүткүл дүйнөлүк фестивалга бардык. Андан бери көптөгөн мамлекеттерди кыдырдык. Изденсең, эмгектенсең ийгиликке жетесиң да, болбосо ал кезде акчабыз жок болчу. Болгону жүрөгүмдө ишеним, курчтук, анан жолдошумдун жардамы, колдоосу болгон экен. Ошондо ачка калбайлы деп билет сатып артисттерге ун, начар жашагандардын балдарына эски кийим таркатып берчүбүз. Мына ушинтип театр деп жан үрөп иштеп жүрүп 78 жашка чыктым. Кудайга шүгүр, сыйлыктардын да түрүн алдым, Эл артисти болдум, "Манас" орденин алдым, "Руханият" эл аралык сыйлыгына татыдым.

– 80 жашты таяп калыптырсыз, бир чоң театрды жетектөө оорчулук жаратпайбы? Деги эле карылык менен кантип күрөшөсүз?
– Мен театрсыз жашай албайм, иштебей үйдө отуруп калгандан өткөн мага оорчулук жок. Күнүгө ойлонуп изденип турушум керек, бала кезден эле фантазия менен жашаган кишимин. Күнүгө эртең менен туруп спорт менен машыгам, чуркайм. Чалымдын, баламдын машинасы бар болгонуна карабай жөө көп басам. Акыркы кезде майлуу тамактардан баш тартып ылгап ичип калдым. Музыканы көп угам, жакшы кинолорду көрөм. Жолдошум, балдарым үйдөн жакшы атмосфера түзүп беришет. Менде деле карылыктын белгилери бар, бирок картайдым, оорудум, чарчадым деп үңүрөйбөй өзүмдү өзүм тарбиялап келем. Чындыгында чарчабайм деле, кээде мага караганда окутуп жаткан окуучуларым чарчап кетет.

– Кызыңыз Москва шаарында жашачу беле, сиздер уулуңуздун колундасыздарбы?
– Кызым Ажар күйөө балам экөө Орусиянын жарандыгын алып, 2 кызы менен Москвада жашашчу. "Атаң экөөбүз 80ге таяп картайдык, келгиле, азыр келбегенде биз өлгөндө келесиңерби? Дүйнөгө адам тойгон эмес" деп чакырып алдым. Келиним менен баламдын шаарда үйү бар. Чалым экөөбүз Беш-Күнгөйдө турабыз. Кээде жумуштан кеч чыгып калганда баламдыкына конуп калам. 6 неберем бар, кичүүсү 6 жарым айлык. Ушул неберелеримдин чоңоюп үйлөнүп-жайлангандарын көрсөм экен дейм. Уулум Мурат, келиним Асел да мени менен чогуу иштейт. Эртең менен жумушка үй-бүлөбүз менен келебиз.

– Социалдык тармактарда баракчаңыз бар, интернетке киресизби?
– Интернетте көп отурбайм, келиним, уулум, неберелерим көрсөтүп жаңылыктар менен тааныштырып турушат. Интернеттеги негативдүү маалыматтарды көрүп алып жүрөгүмдү ооруткум келбейт. Ошондуктан өзүмө пайдалуу, позитивдүү маалыматтарды гана окуп турам.

"Ар бир ролумду жүрөгүм менен берилип ойнойм, калп ойноо деген менде жок".


"Келиним Асел ширин неберелерди төрөп берип кубантууда".


"Жаштыгым белгилүү инсандар менен бирге өттү. Сүрөттө Советбек Жумадылов, Болот Шамшиев, Айтурган Темирова менен".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
barakcha
2016-11-29 09:50:44
Мм дааа...Мен дагы бул кемпирди коргондо эле журогум муздай тушот.Кудайым бардыр!
+8
kuli88
2016-11-29 11:17:40
Эжеке ишинизге ийгилик,эчкимге кулак салбан бул Адам затка эч нерсе жакпайт.
-5
daniel87
2016-11-29 15:47:46
Эми Бир кудайым билет чынында мен да укканым бар бирок билип билбей жазгым келбейт!окугум келбей окуду муздак ото муздак
+8
alina79
2016-12-01 19:28:18
daniel87,Менин дагы бир кишиден укканым бар оз оозунан,бирок кудай кечирсин жазгым келбей жазып атам .Булар Ажибекова экоо ХХХ ХХХ экен да, орууканага коргону барышканда.
+7
admin_superstan
2016-12-02 09:31:49
alina79, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз. Оозеки эскертүү!
-3
Deniza88
2016-12-05 21:29:32
daniel87, мен да окугум келбейт, окуган жокмун. Комменттерди окуйун деп эле кирдим. Мен жазгым келген создорду сен жазыпсын
0
jergez
2016-11-29 22:54:27
таланттуу бирок,жакпайт мага ушул аял
+6
arzuuu
2016-11-30 19:18:01
Ошо мен да уктум эле. ХХХ ХХХ ХХХ. Ыйлап эле журот дайыма.
+4
mishonia8077
2016-11-30 22:24:28
Ооба,чын эле ХХХ ХХХ.
+2
admin_superstan
2016-12-01 09:30:06
mishonia8077, arzuuu, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болгула. Эскертүү!
-1
baitylek.kg
2016-11-30 22:50:20
Таттыбубу эже тируу болсо дагы канча сонун образдарды кормокпуз.Эх арман дуйно,жакшы адамдар эмне мынча кыска жашайт(((
+3
Amankg
2016-12-01 15:08:08
Ден соолукта болунуз. Дагы коп жашаныз.
-1
Krai
2016-12-02 13:49:30
Асамиддин мухиддинов
азамат менин дос балам болот коп жылдан бери кино тартам деп журчу акыры тилегине жетиптир да ийгилик доске
0
dasta
2016-12-03 15:55:01
Келини жанагы министирдин кызынын махабаты дегнн кино барго ошол кинодогу мадинавы
0
Anarik87
2016-12-05 00:06:41
Чынында Т.Турсунбаеванын таланттуу актриса эле бирок жакшы адамдар аз жашайт дешет анын кинолорунда таптакыр башкача образ бар,пешенесине кудай аз омур берген экен анын олумуно башка адамды себепчи кылбайлы ,Ж.Сейдакматова куноолуу болсо ушунча чыккычакты чумчуп отмок жаман деген адамдын да бир кыялы жакшы болот
0
Umarlove9013
2016-12-05 09:46:21
Сизге денсоолук бар болунуз.100го чыгыныз
-1
_PeriWa_
2016-12-05 16:33:08
Сайт качан жаныланат эрте мн эле бут жанылыктар кирип калчу эле эски го дагы деле
0
admin_superstan
2016-12-05 16:51:10
_PeriWa_, саламатсызбы? Жакынкы күндөрү жаңыланат, порталга баш багып туруңуз.
0
asko55
2016-12-05 17:05:36
admin_superstan,
Жакынкы күнүңөр качан?
0
magic1721
2016-12-06 16:11:17
Гезитти ысык кезинде окубай калдык го :)
0
Ajar812
2016-12-07 00:53:29
Сыйлайм эжени мен.Ар турдуу жаман создорду эмне кереги бар жазып коруп аралашып жургонсуп.Жаман адаидан жаман соз чвгат озу.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан